Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 13-отуруму
2025-жылдын 25-июлу, № 24
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасынын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевдин сунушун жана Памир-Алай айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун угуп 2025-жылдын 25-июлундагы № 6 протоколунун негизинде Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 115-беренесине ылайык, Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2025-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасындагы акча каражатынын кээ бир беренелеринен зарыл болгон беренелерге жылдыруу жагы каралсын.
. | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
70862 | Башка кат-га таандык болбогон эс алуу, маданият маселелери | Ар түрдүү чыгымдар | 2215 | 530,0 |
|
70911 | Бала бакча | Ар түрдүү чыгымдар | 2215 |
| 225,0 |
70921 | Орто мектеп | Ар түрдүү чыгымдар | 2215 |
| 100,0 |
70821 | Библиотека | Ар түрдүү чыгымдар | 2215 |
| 75,0 |
70823 | Клуб | Ар түрдүү чыгымдар | 2215 |
| 130,0 |
|
| бардыгы: |
| 530,0 | 530,0 |
|
|
|
|
|
|
2. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бюджетте каралган акча каражатын смета боюнча максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы К.А.Анарбаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Маматжунус уулуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мухамаджан уулу Ибраимжанга милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |