Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 01-июлу, № 23
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 6-июнундагы №4767 сандуу катын негиз кылып "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” келишимдин долбоорун угуп, талкуулап Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана "Жергиликтүү башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишими бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А. Анарбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Этика жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |