Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 11-отуруму
2025-жылдын 25-июну, № 20
Сары-Могол айылынын Тулпар-Көл участкасынын жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Могол айылынын тургуну Нуртилек Ташкуловдун арызынын негизинде, ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү максатында, Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айылынын Тулпар-Көл участкасынын (15 сотых) жер тилкеси ички жана сырткы туризмди уюштуруу максатында Сары-Могол айылынын тургуну Н.Ташкуловго 5 (беш) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Берилген мөөнөт ичинде ички жана сырткы туризм уюштурулбаса жана эки тараптуу түзүлгөн келишим бузулган учурда жер кайтарылып алынсын.
3. Ички жана сырткы туризмди уюштуруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Алай райондук жер кадастар жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына К.Анарбаевге жүктөлсүн.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |