Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 11-отуруму
2025-жылдын 25-июну, № 18
Даарылануу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылынын тургуну Файзулаев Алайчы Карыбекович учурда эки көзү тең көрбөйт 6 (алты) ай сайын дарылынып туруу зарыл экендигине байланыштуу Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын сурап жазган арызы боюнча медициналык корутундуларын карап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Могол айылынын тургуну Файзулаев Алайчы Карыбековичтин дарылануусу үчүн Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы К.Анарбаевге тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |