Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы
2025-жылдын 04-августу № 36
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-августундагы № 189 сандуу сунуш катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тескемесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 01-26/231 сандуу катын аткаруу максатында, “Мамлекеттик лизинг компанясы” ачык акционердик компаниясынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 сандуу катынынын негизиндеҮч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-августундагы № 189 сандуу сунуш катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тескемесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 01-26/231 сандуу катын аткаруу максатында, “Мамлекеттик лизинг компанясы” ачык акционердик компаниясынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 сандуу катынынын жана Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-августундагы № 189 сандуу сунуш катынын негизинде “Мамлекеттик лизинг компанясы” ачык акционердик компаниясы аркылуу айыл өкмөтүнө 5 жылга бөлүп төлөө менен жалпы суммасы 1235,0 миң сомдук кызматтык “Лада Нива Легенда” автомашинасын сатып алууга макулдук берилсин.
2.Жогорудагы автомашинаны лизинге сатып алуу үчүн “Мамлекеттик лизинг компанясы” ачык акционердик компаниясы менен лизинг келишимдерин түзүү жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн бюджетинен тиешелүү жылдарга пландаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсунали уулу |