Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы
2025-жылдын 04-августу № 37
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-августундагы № 188 сандуу сунуш катын кароо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Ак-Босого айылына бала бакча куруу үчүн берилген 0,17 га жер аянты пландаштырып жаткан 60 орундуу бала бакчанын курулушунун долбоорунун негизинде аз болуп жаткадыгына байланышту жанаша турган Ак-Босого айылындагы А.Тукеев атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтынан 0,11 га жер тилкесин бала бакчага тиешелүү жер аянтына кошуп берүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-августундагы № 188 сандуу сунуш катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-августундагы № 188 сандуу сунуш катынын негизинде, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Ак-Босого айылына бала бакча куруу үчүн берилген 0,17 га жер аянты, пландаштырып жаткан 60 орундуу бала бакчанын курулушунун долбоорунун негизинде аз болуп жаткандыгына байланышту жанаша турган Ак-Босого айылындагы А.Тукеев атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтынан 0,11 га жер тилкеси багыты өзгөртүлүп бала бакчага тиешелүү жер аянтка кошуп чектеп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Босого бала бакчасына тиешелүү 0,17 га жер тилкесине 0,11 га жер тилкесин кошуп, бирдиктүү юридикалык документтерин даярдап, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жер ресуртары, Кадастр,Геодезия жана Картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай райондук филиалына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |