Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы
2025-жылдын 04-августу № 38
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы № 616 контурунда жайгашкан ыңгайсыз (жараксыз) жер участогун муниципалдык менчикке алуу боюнча айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 87 сандуу сунуш катын кароо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы № 616 контурунда жайгашкан пайдаланууга ыңгайсыз (жараксыз) жер участогун муниципалдык менчикке алуу боюнча айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 87 сандуу сунуш катын жана айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 4 протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 87 сандуу сунуш катынын жана айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы №4 протоколунун чечиминин негизинде, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы №616 контурунда жайгашкан пайдаланууга ыңгайсыз (жараксыз) 0,003 га жер участогун муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2.Жогорудагы жер участогун мыйзам чегинде муниципалдык менчикке алуу боюнча тиешелүү юридикалык иш кагаздарын бүткөрүү жана мунициципалдык жерлердин реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсунали уулу |