Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы
2025-жылдын 03-октябры, № 39
Күз-кыш мезгилине даярдыктар жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн күз-кыш мезгилине даярдыктары жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевдин маалыматын угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн күз-кыш мезгилине даярдыктары жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевдин маалыматы эске алынсын, жактырылсын.
2. Айыл аймагындагы баардык социалдык мекемелердин кыш мезгилине даярдыгын, калктын көмүр менен камсыз болуусу тууралу муктаждыктарын жер жеринде аныктап, алдын ала кышка даярдануу иш чараларын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Абжапар уулуна жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |