Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы
2025-жылдын 03-октябры № 40
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдыктардын аткарылышы жөнүндө
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдыктардын аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Тургунбаевдин маалымат отчетун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш чараларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Айыл аймагындагы кооптуу делген аймактарга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш чараларды жана Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин райондук бөлүмү менен биргеликте мониторинг жүргүзүп туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Абжапар уулуна жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |