Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы
2025-жылдын 03-октябры № 41
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы таза суу түтүктөрүн алмаштырууга Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы таза суу түтүктөрүн алмаштырууүчүнжүрүзүлө турганкурулуш иштерине, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу 2025-жылдын сметасына акча каражаты каралбагандыктан Алай райондукөнүктүрүү фондунан 352,0 миң,сом (үч жүз элүү эки миң) акча каражатын суроо максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы таза суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн жүрүзүлө турган курулуш иштерине, жергиликтүү бюджетттин тартыштыгына байланыштуу 2025-жылдын сметасына акча каражаты каралбагандыктан Алай райондук өнүктүрүү фондунан 352,0миң,сом (үч жүз элүү эки миң) акча каражаты суралсын.
2.Бөлүнгөн акча каражаты максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жана Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Ы.Карыбековго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |