Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы
2025-жылдын 03-октябры № 44
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу К.Султанов атындагы орто мектебин ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордун өздүк салымы жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштууТерек айылындагы №11К.Султанов атындагы орто мектебине ремонт иштерин жүргүзүү үчүн сунуш кылынган долбоорду айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүсүнүн негизинде карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылындагы №11 К.Султанов атындагы орто мектебине ремонт иштерин жүргүзүү үчүн сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 6983,230 миң сом(алты миллион тогуз жүз сексен үч миң эки жүз отуз) долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 1983,230 миң сом (бир миллион тогуз жүз сексен үч миң эки жүз отуз) Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине киргизүү боюнча сунушталган жогорудагы суммага макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |