Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 17-отурумунун
ТОКТОМУ
13.11.2025 №17/1
Боз-Караган айылы
Аксакалдар сотторунун регламентин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 60-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Аксакалдар сотторунун регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Курманжан Датка айыл өкмөтү Аксакалдар сотторунун регламентин ушул токтомдун 2-пунктунда сунушталган тартипте иштеп чыгууга, кабыл алууга көмөктөшсүн.
3. Курманжан Датка айыл өкмөтү Аксакалдар сотторунун регламентинин негизинде айыл аймактарынын аксакалдар сотторунун регламентин иштеп чыгып, кабыл алынуусу жана аксакалдар соттору иш (материалдарды) кароону регламентте каралган жол-жоболорго ылайык жүргүзүүсүнө мезгил-мезгили менен мониторинг жургүзүп турсун.
4. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде эки нускада жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчун түштүк регионалдык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |