Загрузка документа…
урманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 17-отурумунун
ТОКТОМУ
13.11.2025 №17/2
Боз-Караган айылы
Кабылан-Көл айылындагы кичи футбол аянтчасына жооптуу адамдарды дайындоо жана аталган аянтчага тарифтерди бекитип берүү жөнүндө
Кабылан-Көл айылынын жарандарынын сунушу менен жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кабылан-Көл айылындагы кичи футбол аянтчасына жооптуу болуп-Акылбеков Баястан Акылбекович жана Кулов Уланбек Сагынбекович дайындалсын.
2. Кичи футбол аянтчасын пайдаланууга төмөндөгүдөй тариф менен бекитилсин:
- иш чараларга-1000 сом;
- окуучулар үчүн – саат 08:00дөн-17:00гө чейин бекер;
- жергиликтүү жарандарга – 1 саатына -200 сом;
3. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде эки нускада жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчун түштүк регионалдык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |