Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/1
Боз-Караган айылы
Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө 9 айга карата аткарылган маалыматтары жөнүндө
Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө 9 айга карата аткарылган иштери боюнча толук маалыматтар болбогондуктан 2025-жылдын жыл жыйынтыгы менен берүү жагы каралсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын аткарылышы боюнча толук маалымат алынбагандыктан айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушу менен Курманжан Датка айыл өкмөтүнө Эсептөө палатасынын аудиттерин чакырып текшертүү жагы суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |