Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/2
Боз-Караган айылы
Айыл аймактардагы ички жана борбордук көчө жарыктарынын абалы жөнүндө
Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 2) жана 4) бөлүкчөлөрүнө ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын көчө жарыктарынын абалы боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көчө жарыктарынын абалы тууралуу иштердин кемчиликтерин жоюу жана берилген билдирүүлөр, 2025-жылдын жылдын жыйынтыгында берүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана СЭӨП бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |