Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/3
Боз-Караган айылы
Элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын башчысы Т. Жээнбековдун билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 11) бөлүкчөсүнө ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Курманжан Датка айыл аймагында элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери канааттандырылсын деп белгиленсин.
2.“Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт төлөмдөрү жана жайыт аянттары боюнча маалыматтарды берүү жагы ишкананын башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4.Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |