Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/4
Боз-Караган айылы
Жар-Кыштак айылындагы 4,6 га жер тилкесин трансформациядан чыгарып Курманжан Датка айыл аймагынын жарандары үчүн Мамлекеттик Ипотекалык Компания (МИК) тарабынан көп кабаттуу үй курууга сунуштоо жөнүндө
Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 17-отуруму, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун, Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылындагы №1312, №571 жана №572 контурларында турган кайракы айдоо жана жайыт 4,6 га жер тилкесин трансформациядан чыгарып Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан көп кабаттуу үй курууга сунуштоо жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-17-пунктуна ылайык токтом кылат:
1.Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылындагы №1312, №571 жана №572 контурларында турган кайракы айдоо жана жайыт 4,6 га жер тилкесине трансформациялоо иштерин жүргүзүүгө берилсин.
2.Аталган айылындагы №1312, №571 жана №572 контурларында турган кайракы айдоо жана жайыт турган 4,6 га жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн көп кабаттуу үй курууга сунуш берилсин.
3.Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго милдеттендирилсин.
4.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6.Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |