Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/5
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл аймагына караштуу Кытай-Дөбө участкасынын Күңгөй каналынын чыгыш тарабынан 3,0 га жер бөлүп берүү жөнүндө
Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 17-отуруму, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовдун, Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылындагы Кытай-Дөбө участкасынын Күңгөй каналдын чыгыш тарабынан маркумдарды көмүү боюнча бейитке 3,0 га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык токтом кылат:
1.Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылындагы Кытай-Дөбө участкасынын Күңгөй каналдын чыгыш тарабынан маркумдарды көмүү боюнча бейитке 3,0 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Аталган участкага кетүүчү тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалынан суралсын жана иш алып баруу жагы башкы адис К. Пасаңовго жүктөлсүн.
3.Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-августундагы №3/2 сандуу чыгарылган токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4.Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |