Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/6
Боз-Караган айылы
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү жөнүндө
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча жетектөөчү адисинин билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар Планы бекитилсин.
2.Бекитилген иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча жетектөөчү адиси Т. Эркинбай уулуна жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна тапшырылсын.
4.Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |