Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/7
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымдары үчүн айылдык кеңешинин депутаттарын сыйлоо жөнүндө
Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасы Д. Камчыбек улуунун айылдык кеңешинин депутаттарын сыйлыктарга көрсөтүү боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 17-отуруму токтом кылат:
1.2025-жыл ичинде Курманжан Датка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымдары жана калк менен тыгыз иш алып баргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө активдүү катышкандыгы үчүн айылдык кеңешинин төмөндөгү депутаттары Курманжан Датка айылдык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланышсын.
- Исаев Аскербек Тынчыевич- Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Мамытов Максут Отонович- Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Абеков Эркинбек Капарович- Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
2.Сыйланган депутаттарга керектелүүчү грамоталар менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына жүктөлсүн.
4.Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |