Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/8
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылынын кире бериш тарабындагы жер көчкү жүргөн участкага жер көчкү кооптуулугунан коргоочу тосмо куруу үчүн макулдук берүү жана көчкү кеткен жер участогун баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин айыл өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан компетенциясы жөнүндөгү 13-беренесинин 1-бөлүмчөсүнө ылайык Курманжан Датка айылдык кеңешинин 17-отуруму токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылынын кире бериш тарабындагы жер көчкү жүргөн участкага жер көчкү кооптуулугунан коргоочу тосмо куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Аталган жер участкасы айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
3. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде эки нускада жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчун түштүк регионалдык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |