Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун
ТОКТОМУ
24.11.2025 №18/10
Боз-Караган айылы
Лизингке “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына атайын багыттагы (спец) техникаларды алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Жеңишбек Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына атайын багыттагы (спец) техникаларды алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.
2.Лизингке алынуучу атайын багыттагы (спец) техникалар дөңгөлөктүү экскаватор (HYUNDAI R140 W-9S) жана SHACMAN (көтөрүмдүүлүгү 15 тн) үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, Курманжан Датка айыл өкмөтүнөн 2026-жылдан тартып, түзүлгөн график боюнча 30% суммасын төлөө жолу менен 6 (алты) жылдык мөөнөткө жергиликтүү бюджетинен каражат каралсын.
3.Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу. |