Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМУ
15.12.2025. № 15/1
Гүлчө шаары
Гүлчө шаарынын кеңешинин жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга карата бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө шаарынын мэри Н.Э. Тажибаевдин сунушу боюнча экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен таанышып, талкуулап, 2025-жылдын 12-декабрындагы протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, Гүлчө шаарынын кеңешинин, жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга карата бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/н
|
Берененин аталышы |
берене |
бардыгы | 3-квартал | 4-квартал | ||
көбөйтүү | азайтуу | көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Киреше салыгы | 11 111 100 | -304,8 |
| -304,8 |
|
|
2 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321200 | -105,0 |
| -40,0 |
| -65,3 |
3 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321300 | 400,0 | 400,0 |
|
|
|
4 | Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 11311100 | 202,0 |
|
| 202,0 |
|
5 | 2-топтогу ишкердик үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 11311200 | 135,0 |
|
| 135,0 |
|
6 | Короо жанында жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321100 | 30,0 |
|
| 30,0 |
|
7 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321300 | 548,3 |
|
| 548,3 |
|
8 | таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 14224200 | 500,0 |
|
| 500,0 |
|
9 | автоунааларга стоянка жана порковка үчүн жыйым | 14224300 | 400,0 |
|
| 400,0 |
|
| жалпы |
| 1805,5 | 400,0 | -344,8 | 1815,3 | -65,3 |
2.Гүлчө шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелердин планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
болум | Берененин аталышы | бернене | бардыгы | 3-квартал | 4-квартал | ||
|
| көбөйтүү | азайтуу | көбөйтүү | азайтуу | ||
704 | Экономикалык суроолор | 2215 | 1557,5 | 55,2 |
| 1502,3 |
|
706 | ЖКХ | 2511 | 248,0 |
|
| 248,0 |
|
| жалпы |
| 1805,5 | 55,2 | 0 | 1750,3 | 0 |
3.Жогорудагы акча каражатын 2024-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Самиев
|