Загрузка документа…
үлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМУ
15.12.2025. № 15/3
Гүлчө шаары
Гүлчө шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметанын үнөмдөлгөн беренелеринен зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевдин сунушу боюнча экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен таанышып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, Гүлчө шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелеринен зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жагы каралсын.
К/н | Болумдордун аталышы | Берененин аталышы | берене | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Аппарат | Машина жана жабдуулар | 3112 |
| 288,8 |
2 | Экономикалык суроолор | Машина жана жабдуулар | 3112 |
| 308,9 |
3 | Бала бакча | Имараттар жана курулмалар | 3111 |
| 54,1 |
4 | Клуб | Машина жана жабдуулар | 3112 |
| 250 |
5 | Орто мектеп | Имараттар жана курулмалар | 3111 |
| 48,6 |
6 | 710-социалдык коргоо | Түрдүү чыгымдар | 2215 |
| 90,3 |
7 | жкх | субсидия | 2511 | 1040,7 |
|
|
|
|
| 1040,7 | 1040,7 |
2. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Каныбек кызына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Самиев
|