Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-апрели №8-1
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматы
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичинде аткарган иштери , бюджетинин аткарылышы жөнүндө жыйынтык отчетун сессияда угуп талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жыличинде аткарган иштеринде айрым жетишкендиктери жана кемчиликтерин эске алуу менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык эсептөө отчетундагы айрым катачылыктар эске алынып каралып чыгылсын жана 2-кварталда так маалымат берүү жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Ж.Султановго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын козөмолдөө мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
|
М.Ураимов |