Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2025-жылдын 08-апрели № 24
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 80 сандуу сунушун кароо жөнүндө
Сопу-Коргон айылындагы 1959-жылы бала бакча катары курулган, андан кийин китепкана катары пайдаланып келинген эски имаратты Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин 2017-жылдын 5-майындагы №155 сандуу корутундусунун негизинде бузууга макулдук берүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-апрелиндеги №80 сандуу сунушун карап чыгып, талкуулап,Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Сопу-Коргон айылындагы 1959-жылы бала бакча катары курулган, андан кийин китепкана катары пайдаланып келинген эски имаратты Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин 2017-жылдын 5-майындагы №155 сандуу корутундусунун негизинде бузууга макулдук берилсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жогорудагы эски имараты бузуунун негизинде түшкөн эски курулуш материалдарын эсепке алуу боюнча атайын комиссия түзүлсүн жана бузуудан түшкөн курулуш материалдары боюнча жоопкерчилик комиссиянын курамына жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге тапшырылсын.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы жер маселелери жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |