Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 26
Айыл өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү аныктоо,аларга даректүү колдоо көрсөтүү боюнча иш аракеттер жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй бүлөлөргө,мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көргөн камкордугу тууралуу маалыматын жана башчынын убактылуу милдетин аткауучу Т.Д.Таевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн так тизмесин түзүү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакындан жардам алуусуна өбөлгө түзүү жагы айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Исакулова Наргизага милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы башчынын убактылуу милдетин аткауучу Т.Д.Таевге жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |