Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 27
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-апрелиндеги №94 сандуу сунуш катын кароо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу айылдарда мал жандыктардын ылаңдарына каршы эмдөө жасап жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүп келе жаткан жеке ветеринардык кызматкерлердин акы алып калкка кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 94 сандуу сунуш катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 94 сандуу сунуш катынын негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу айылдарда мал жандыктардын ылаңдарына каршы эмдөө жасап жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүп келе жаткан жеке ветеринардык кызматкерлердин акы алып калкка кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Бодо малга: жылкы, уй, топозго -50сом
Жандыкка: кой, эчкиге-20сом
2. Жогорудагы тариф боюнча акы алып кызмат көрсөтүү жагы жеке ветеринардык кызматкерлерге эскертилип, тааныштырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы башчынын убактылуу милдетин аткауучу Т.Д.Таевге тапшырылсын.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |