Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги 3-сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели  № 19

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Каракол айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын жабууга Ош облустук  өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Каракол айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын  жабуу үчүнжүрүзүлө турганкурулуш иштерине, жергиликтүү бюджетттин тартыштыгына байланыштуу 2024-жылдын сметасына акча каражаты каралбагандыктан Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3371,2 миң сом (үч миллион үч жүз жетимиш бир миң эки жүз ) акча каражатын суроо максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Каракол айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын жабуу үчүн жүрүзүлө турган курулуш иштерине, жергиликтүү бюджетттин тартыштыгына байланыштуу 2024-жылдын сметасында акча каражаты каралбагандыктан Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3371,2 миң сом акча каражаты суралсын.

2.Бөлүнгөн акча каражаты максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жана Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Ы.Карыбековго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Асантай уулу