Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 71
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүпберүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №46, №47 чечимдерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
–Ош шаарынын Т.Турсунбаева көчөсүнүн №66а дарегинде жайгашкан имарат жер тилкеси менен (идентификациялык коду: 5-11-08-0166-0346);
–Ош шаарынын Кең-Сай конушунда жайгашкан кубаттуулугу 110кВ электр подстанциясына тиешелүү 8000,0 чарчы метр жер тилкеси (идентификациялык коду: 5-11-11-1006-0646).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |