Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги 3-сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели  № 20

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек  айылындагы Алтын кен участкасындагы көпүрөнүн кошумча курулушуна Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө

    Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылындагы Алтын кен участкасындагы көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, аны бекемдөө максатында кошумчакурулуш иштерин жүргүзүүгө, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан 2024-жылдын сметасында акча каражаты каралбагандыктан Алай райондук өнүктүрүү фондунан 200000 (эки жүз миң)сом акча каражатын суроо максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылындагы Алтын кен участкасындагы көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, аны бекемдөө максатында кошумча курулуш иштерин жүргүзүүгө, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын сметасында акча каражаты каралбагандыктан Алай райондук өнүктүрүү фондунан 200000 (эки жүз миң)сом акча каражаты суралсын.

2.Бөлүнгөн акча каражаты максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жана Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Ы.Карыбековго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Асантай уулу