Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМУ
15.12.2025. № 15/4
Гүлчө шаары
Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу лизинг жолу менен алына турган техникага макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө шаарынын мэриясынын сектор башчысы Т.Абдыкадыровдун, мамлекеттик лизинг жолу менен алына турган техникалар үчүн сунушталып жаткан долбоор боюнча баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесин жана 34-беренесинин 2-5-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. Мамлекеттик лизинг компаниясы тарабынан лизинг жолу менен алына турган 1(бир) даана автобус алууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомго тиешелүү болгон иш-кагаздарын тактап, даярдоо жана мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Каныбек кызына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Самиев
|