Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМУ
15.12.2025. № 15/6
Гүлчө шаары
Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан 2025-жылдын 10-октябрында кабыл алган №12/7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын 2025-жылдын 02-декабрындагы №94 сандуу токтомунун негизинде Гүлчө шаарына караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жер тилкесине Гүлчө шаарынын жарандары үчүн көп кабаттуу турак-жай курууга Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-берененин 5-17-пункттарына ылайык, токтом кылат:
1. Гүлчө шаарына караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги, аянты 26910, 50 чарчы метр жер тилкеси, Гүлчө шаарынын жарандары үчүн көп кабаттуу турак-жай имараттарын курууга бөлүнүп берилсин.
2. Юридикалык документтерин тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчиктер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Самиев |