Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМ
15.12.2025. № 15/7
Гүлчө шаары
Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан 2023.18.09. кабыл алынган №19/10 токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан 2023.18.09. кабыл алынган №19/10 токтому менен берилген Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги А.Үметалиев көчөсүндө жайгашкан эски, курулушу толук бүтпөгөн имараттын «Б» бөлүгүндө жайгашкан имараттын күн батыш тарабынан, жалпы пайдалануу аянтынан 806,48 чарчы метр жана имаратка тиешелүү 600,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин тиш дарылоо бөлүмүнө эч кандай зарылчылык жок экендигине байланыштуу жокко чыгаруу жөнүндө чечими менен таанышып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-, 5-пункттарына ылайык, токтом кылат:
1. Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги А.Үметалиев көчөсүндө жайгашкан эски, курулушу толук бүтпөгөн имараттын «Б» бөлүгүндө жайгашкан имараттын күн батыш тарабынан, жалпы пайдалануу аянтынан 806,48 чарчы метр жана имаратка тиешелүү 600,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин Алай районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тиш дарылоо бөлүмүнө эч кандай зарылчылык жок экендигине байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Самиев
|