Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМ
15.12.2025. № 15/8
Гүлчө шаары
Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Э.М. Бакаевдин, Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги А.Үметалиев көчөсүндө жайгашкан эски, курулушу толук бүтпөгөн имараттын бир бөлүгүн жер тилкеси менен С. Дооронов атындагы балдар искусство мектеби үчүн административдик имарат курууга Алай райондук маданият бөлүмүнө өткөрүп берүү боюнча 30.10.2025. №142 кайрылуу каты жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин кезектеги 15-отуруму, Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Э.М. Бакаевдин кайрылуу катын, Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган 5-01-04-1003-0412 сыр белгидеги коду менен катталган регистрациялык делосун, ошондой эле сериясы Б №034338 номерлүү 12.06.2020-жылы берилген мамлекеттик АКТсын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун 12-пунктчасына жана 11-беренесинин 2-пунктуна, 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-, 5-пункттарына ылайык, токтом кылат:
1. Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги А.Үметалиев көчөсүндө жайгашкан эски, курулушу толук бүтпөгөн имараттын «Б» бөлүгүндө жайгашкан имараттын күн батыш тарабынан, аянты 3000,0 чарчы метр болгон жер тилкесине С. Дооронов атындагы балдар искусство мектебине административдик имарат куруу үчүн Алай райондук маданият бөлүмүнө өткөрүлүп берилсин.
2. Юридикалык документтерин тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Самиев |