Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМ
15.12.2025. № 15/9
Гүлчө шаары
Гүлчө шаарынын мэриясы менен мамлекеттик лизинг компаниясы тарабынан 2025-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде, муниципалдык менчикке автобус унаасын алуу боюнча баштапкы төлөм үчүн 1 998 000 сом акча каражаты Алай райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланары жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевдин, мамлекеттик лизинг компаниясы менен 2025-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде, муниципалдык менчикке 6 660 000 сомдук автобус автоунаасын алуу боюнча №01-20 келишими түзүлүп, баштапкы төлөм үчүн Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1 998 000 сом акча каражаты каржыланышы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-5-пунктуна ылайык токтом кылат:
1.Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине мамлекеттик лизинг компаниясы тарабынан 2025-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде автобус унаасын алуу үчүн баштапкы төлөм 1 998 000 сом акча каржаты Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланары белгиленсин.
2.Түзүлгөн келишимге ылайык, калган 4 662 000 сом акча каражаты 2030-жылга чейин, жыл сайын Гүлчө шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
3.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Каныбек кызына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика
боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Самиев |