Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-апрели №8-2
Эгинге түшкөн мал-жандыктарды көзөмөлдөө жөнүндө
Бел айыл аймагынын айдоо жерлердеги эгиндерге түшкөнжылкы,мал-жандыктарды көзөмөлдөө жана мыйзам чегинде айып пул салуу боюнча маселени 8-сессияда депутаттар, айыл өкмөт башчысы, айыл башчылар, жер адистер менен биргеликте маселени карап чыгып талкуулап Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар Жөнүндө Кодексинин 238-беренесине таянып айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл аймагындагы айдоо, эгинэгилген жерлердеги ээн жүргөнжылкы, мал-жандыктарга эгиндерге зыян келтиргендиги үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу жагы каралсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укуктартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
|
М.Ураимов |