Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМ
15.12.2025. № 15/10
Гүлчө шаары
Гүлчө шаарынын тургуну Мурзанов Алмазбектин турак-жай багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын соода-сатык дүкөнүн куруу үчүн өзгөртүп берүү арызы жөнүндө
Гүлчө шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө шаарынын депутаты У.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык, токтом кылат:
1. Гүлчө шаарынын тургуну Мурзанов Алмазбектин 06.10.2025.№5-01-2025-7415 сандуу, 2025.22.10 №5-01-2025-7808 номерлүү Мамлекеттик АКТсы бар, турак-жай багытындагы, аянты 734,85 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын соода-сатык дүкөнүн куруу үчүн өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерин тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Б.Самиев |