Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМ
15.12.2025. № 15/11
Гүлчө шаары
Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги А.Үметалиев көчөсүндөгү №49-даректеги 5-01-04-1003-0876 идентификациялык сыр белгидеги, 06.12.2018-жылы берилген сериясы Б №28971 номерлүү, Мамлекеттик АКТсы бар, 4 536 000,0 сомдук, аянты 1008,00 чарчы метр болгон жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин кезектеги 15-отуруму, мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын 11.12.2025.№ 263 административдик имарат куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү жөнүндөгү катын талкуулап, Гүлчө шаарынын мэриясы жана мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгы, жаңы имараты курулуп бүткөндөн кийин эски имаратты Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимине ылайык, Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун 12-пунктчасына жана 11-беренесинин 2-пунктуна, 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-, 5-пунктуна ылайык, токтом кылат:
1. Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги А.Үметалиев көчөсүндөгү №49-даректеги 5-01-04-1003-0876 идентификациялык сыр белгидеги, 06.12.2018-жылы берилген сериясы Б №28971 номерлүү, Мамлекеттик АКТсы бар, 4 536 000,0 сомдук, аянты 1008,00 чарчы метр жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн өткөрүлүп берилсин.
2. Юридикалык документтерин тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Самиев |