Загрузка документа…
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму
ТОКТОМ
15.12.2025. № 15/12
Гүлчө шаары
Алымбек датканын 225 жылдыгына карата өткөрүлгөн мааракенин ийгиликтүү өтүшүнө жана Гүлчө шаарынын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн, Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарына, Гүлчө шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлерине жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын жумушчуларына Гүлчө шаарынын кеңешинин «Ардак Грамотасы » менен сыйлоо жөнүндө
Гүлчө шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, депутат Ж.Ажибековдун сунушу боюнча, Алымбек датканын 225 жылдыгына карата жана Гүлчө шаарынын өсүп-өнүгүүсү үчүн кошкон салымдары үчүн, Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарын, Гүлчө шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлерин жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын жумушчуларын Гүлчө шаарынын кеңешинин Ардак грамоталары, Ыраазычылык каты менен сыйлоо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө» Мыйзамынын 40-беренсинин 9-пунктуна жана Жобонун талаптарына ылайык токтом кылат:
1. Алымбек датканын 225 жылдыгына карата жана Гүлчө шаарынын өсүп-өнүгүүсү үчүн кошкон салымдары үчүн Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттары, Гүлчө шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлери жана «Гүлчө коммуналдык чарбасынын» жумушчулары Гүлчө шаарынын кеңеши тарабынан «Гүлчө шаарынын кеңешинин Ардак Грамотасы» жана «Ыраазычылык каты» менен сыйлансын.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Б. Самиев |