Редакцияот 03.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 03-апрели  № 14

Механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү Жобону бекитүү жөнүндө

    Үч-Төбө АКИАсытарабынан CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору аркылуу келип жаткан LX150-9A маркасындагы дөңгөлөктүү экскаваторго механизаторду тандоо боюнча Жобону бекитүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү Жобосу бекитилсин.

2.Бекитилген Жобонун негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө конкурс өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлсүн.

3. Ушул чечимдин аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А.Асантай уулу