ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 15
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаныны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары,кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор”мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып талкуулап,Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Асантай уулу Акбийге жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | А.Асантай уулу |