Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-июну №9-1
Бел айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028- жылдарга карата бюджеттин болжолун кароо жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын 2026-2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор боюнча тиешелүү мекеме иш каналардын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүм башчысы жана “бюджет, экономика, муниципалдык менчик,инвестиция” боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 8-главанын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2026-2027-2028-жылдарга карата болжолу жактырылсын.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Бел айылдык кеңешинин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция жана ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
|
М.Ураимов |