ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 16
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында жайыт пайдалануу үчүн мал башына акы алынуучу тарифти бекитүү жөнүндө
Бириктирилген айыл өкмөттөрүнүн жайыт пайдалануу үчүн мал башына акы алынуучу тарифти бирдиктүү бир тарифке келтирүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында жайыт пайдалануу үчүн шарттуу малдын башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Малдын түрү | Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүндөгү мал башына(сом) | Башка айыл өкмөттөрдөн келген мал башына (сом) | Башка райондон келген мал башына (сом) |
1 | Уй,жылкы,топоз. | 65 | 150 | 300 |
2 | Кой, эчки. | 15 | 50 | 100 |
3 | Торпок,кулун. | 65 | 70 | 150 |
2.Жогорудагы коюлган тарифтин негизинде малдын санына карап сметасын түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын.
3.Сырттан келген малдарды айылдардын айланасындагы жакынкы кышкы жана жазгы жайыттарды сактоо максатында жаюуга тыюу салуу менен баардык жайыт пайдалануучуларга,айыл өкмөтү менен келишим түзүлгөндөн кийин жайытка жаюуга уруксат берилсин.
4.Элдин койлорун баккан чабандар келишимдин негизинде жайыт акыны төлөп, жайыт падалануу келишими түзүлгөндөн кийин жайытты пайдаланууга уруксат берилсин
5.Жайыт мыйзамдарын, ушул токтомдун эрежелерин бузган жайыт пайдалануучуларга, Бузуулар кодекстин негизинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте чара көрүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин жана административтик жоопкерчиликке тартылаары эскертилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Асантай уулу |