Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-4
Араван айылы
Октябрь айылынын Эрке-Кашка көчөсүнүн тургуну Шамшидинов Равшанбек Октябрь айылында жайгашкан жеке менчик 425,0 чарчы, мт үй короосу багытындагы жер тилкесинин ичинен 200,0 чарчы, мт жерин комерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Октябрь айылынын Эрке-Кашка көчөсүнүн тургуну Шамшидинов Равшанбек Октябрь айылында жайгашкан жеке менчик 425,0 чарчы, мт үй короосу багытындагы жер тилкесинин ичинен 200,0 чарчы, мт жерин комерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Октябрь айылынын Эрке-Кашка көчөсүнүн тургуну Шамшидинов Равшанбек Октябрь айылында жайгашкан жеке менчик 425,0 чарчы, мт үй короосу (приусадебный) багытындагы жер тилкесинин ичинен 200,0 чарчы, мт жерин комерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Октябрь айылынын Эрке-Кашка көчөсүнүн тургуну Шамшидинов Равшанбек Октябрь айылында жайгашкан жеке менчик 425,0 чарчы, мт үй короосу багытындагы жер тилкесинин ичинен 200,0 чарчы, мт жерин комерциялык багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |