Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-июну №9-2
“Бел” муниципалдык ишканасынын суу тарифтерин бекитүү жөнүндө
Бел муниципалдык ишкананын жетекчиси Ж.Султановдун билдирүүсүн айылдык кеңеш карап чыгып талкуулап жана кошумча маалыматтарын угуп айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел муниципалдык ишкананын тейлөөсүндөгү сугат суу менен камсыздоодон 2025-жылга түшүүчү каржылык булактары, ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифине макулдук берилсин.
2.Белайыл аймагында жана Бел-Адыр каналынын суу пайдаланып жаткан айыл аймакка чектеш Каранай, Ак-Этек, Жийде айылдарында суу пайдалануучулардын сугат суу тарифи 30 (отуз) сом өлчөмүндө жогорулатууга макулдук берилсин.
3.Сугат суу пайдаланып жаткан жерлерге инвентаризация жүргүзүү жагы колго алынсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика жана ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
|
М.Ураимов |