Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги 3-сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели  № 18

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Алай мектепке чейинки билим берүү мекемесине курулуш иштерин жасоого Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Алай мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулуш иштерине жергиликтүү бюджетттин тартыштыгына байланыштуу 2024-жылдын сметасына каралбагандыктан Алай райондук өнүктүрүү фондунан 1431,2 миң.сом(бир миллион төрт жүз отуз бир миң эки жүз) акча каражатын суроо максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Алай мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулуш иштерине жергиликтүү бюджетттин тартыштыгына байланыштуу 2024-жылдын сметасына каралбагандыктан Алай райондук өнүктүрүү фондунан 1431,2 миң.сом(бир миллион төрт жүз отуз бир миң эки жүз) акча каражаты суралсын.

2.Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жана Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Ы.Карыбековго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Асантай уулу