Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 72
Ош шаарынын борбордук жана ички жолдорунун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Программаны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Программаны бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №48 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын борбордук жана ички жолдорунун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Программа тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |
| Ош шаардык Кеңешинин2025-жылдын 10-сентябрындагы XIII сессиясынын № 72 токтомуна тиркеме |
Ош шаарынын борбордук жана ички жолдорунун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын
суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген
тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча
ПРОГРАММА
1. Киришүү.
2. Программанын максаты жана милдеттери.
3. Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды акысыз турак-жай менен камсыз кылууну тактоо.
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизмдери.
5. Программанын ишке ашуусунун натыйжасында күтүлүүчү натыйжалар.
1. Киришүү
Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүнкаралган кызыл сызыктарда, Ак-Буура дарыясынын, каналдардын суу корук жана Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген тургундарды турак-жай менен камсыздоо боюнча, тактап айтканда жарандык коргонуунун корутундусуна ылайык, тиркемедеги өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды коопсуз, жалпы билим берүү объекттерди жана саламаттык сактоо объекттерди, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерди камтыган Ош шаарынын административдик аймагындагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы турак-жайларына (шаарчага) көчүрүү боюнча программа (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” жобонун талаптарын аткаруу максатында даярдалды.
Ош шаарынын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин 2025-жылдын 25-февралындагы №14-2697 тапшырмасынын негизинде жана Ош шаарынын мэринин көчмө жыйынында берилген тапшырмаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматынын Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 01-9/179 кайрылуусуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтомуна ылайык, Ош шаарынын аймагынан агып өтүүчү суу каналдарынын абалы текшерилип, бүгүнкү күндө көпчүлүк суу корук зоналарында жайгашып калгандыгы такталган.
Айрым участоктордо мыйзамсыз курулуштардын курулганы аныкталып, анын кесепетинен суунун табигый нугу одоно бузулганы белгилүү болгон. Көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар шаар тургундарынын өмүрүнө жана түздөн-түз коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирип жаткандыгы аныкталган.
Аталган комиссия көчмө жыйынынын жыйынтыгында, каналдардын суу корук аймагында жайгашкан курулмаларды терең иликтөө иштерин жүргүзүү сунушун берип, жыйынтыгында болжол менен 1500дөн ашуун жарандардын мыйзамсыз курулуштары аныкталып, ошондой эле Ош шаарынын башкы планына ылайык, борбордук жана ички жолдордун кеңейүүсү үчүн каралган кызыл сызыктарда, Сулайман-Тоонун корук аймактарында жашап келген болжолдуу 400дөн ашуун үй бүлө аныкталып, жалпы 1900дөн ашуун жарандарды короо-жай тилкеси жана турак-жай менен камсыздоо зарылчылыгы жаралган.
Жогорудагы жагдайларга байланыштуу, короо-жай тилкеси жана турак-жай менен камсыздоого муктаж жарандардын тизмеси Программага тиркелет.