Редакцияот 22.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын  депутаттарынын кезектеги 8 - отуруму

 

2024-жылдын 22-августу  № 8/7

 Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган 28-беренесинин 4-6-пункттарындагы мектепке чейинки билим берүү  уюмдарындагы тамактанууну уюштуруу  булактары жана   Кыргыз  Республикасынын  Билим берүү  жана илим Министрлигинин  20.12.2023-жылдагы №16 – 2/11200 номерлүү каты боюнча Н.Тажибаевдин  сунушу жөнүндө

         Гүлчө  айылдык   кеңешинин   7 - чакырылышынын   кезектеги   8-отуруму ,  Гүлчө  айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин  билдирүүсүн угуп, Кыргыз  Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнө караштуу   бардык мектепке чейинки билим берүү  уюмдарында болуп өткөн ата-энелердин  чогулуштарынын протоколдорун  карап чыгып, Кыргыз  Республикасынын   «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө»   Мыйзамынын  34-беренесинин   4-5-пунктарына   ылайык , Гүлчө  айыл  аймагынын айылдык   кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын уюштуруу ата-энелер тарабынан, 2024-жылдын 1-августунан тарта, ар бир ай үчүн тамак-ашка болгон төлөм 1000 (бир миң) сом болуп бекитилсин.

Төрага:

А.Б. Самиев