Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 28-ноябры № 2

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын                           14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Курманжан Датка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколу бекитилсин.

2. Кайназаров Темир Ташиевич айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

 Д.Камчыбек уулу